Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Эки конушта жаңы сквер пайда болот

Маданият
29 - Март 2019
www.erkintoo.kg
124
"Бишкек жашыл чарба" ишканасы Анкара — Виноградная көчөлөрүнүн кесилишиндеги дагы бир сквердеги оңдоого киришти. Мындай маалыматты  мэриядан кабарлашты. Жаңы жайдын аянты 15 000 чарчы метр болот.  Мини-парктагы дарактардын ашыкча жерлерин кыркып иретке келтирип, гүлдөрдү, бадал жана жаңы бактарды отургузуу пландалууда. Андан сырткары, көк майсаң чөп жаткырылып, таштанды челектер коюлуп, отургучтар орнотулат. Жашылдандыруу үчүн арыктар казылып, алардын таманына таштар төшөлүүдө. Буга кошумча көрк берүүчү ар кыл архитектуралык фигуралар коюлат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.