Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Дүйнөлүк туристтик уюм Көчмөндөрдүн III оюндарын Кыргызстан менен кошо өткөрүшөт

Маданият
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
468
Дүйнөлүк туристтик уюм 2018-жылы өтө турган Көчмөндөрдүн III оюндарын Кыргызстан менен кошо өткөрүшмөй болгондугу тууралуу Монголияда өтүп жаткан Көчмөн туризм жана Жибек жолундагы шаарларды туруктуу өнүктүрүү боюнча аталган уюмдун жыйынында белгилүү болду. Дүйнөлүк туристтик уюм БУУнун туристтик саясатын жүргүзгөн атайылаштырылган мекеме. Ага 157 мамлекет мүчө болуп, 32 аймак кирген. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсү боюнча жыйын алкагында Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи КРдин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов менен жолуккан. Иш-чарада Кыргызстандагы туризмди араб өлкөлөрүнө жайылтуу, Монголия менен Кыргызстандын көчмөн цивилизациясынын бирдиктүү туристтик өндүрүмүн түзүү маселелери талкууланды.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.