Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Дальмира Тилепбергенова эл аралык калыстар тобуна кирди

Маданият
13 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
478
Кинорежиссер Дальмира Тилепбергенова эл аралык NETPAC кинофестивалында калыстар тобуна кирди. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди. Аталган эл аралык кинофестиваль Индиянын Бангалор жана Майсур шаарларында 2-9-февраль күндөрү өтөт. Фестивалда  50 мамлекеттен келген 180ден ашык тасма көрсөтүлөт. Белгилүү болгондой, Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы былтыр Бангалордо өткөн кинофестивалда "Азияны эң мыкты тасмасы" деп таанылган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.