Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Боб Дилан Нобель сыйлыгын 2017-жылдын апрелинде алат
2016-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты, америкалык ырчы Боб Дилан Швецияга 2017-жылдын апрелинин башында келет. Бул тууралуу анын концерттеринин уюштуруучусу болгон Live Nation компаниясы билдирди. «Боб Дилан 1 жана 2-апрелде Стокгольмдагы Waterfront концерт залында, а 9-апрелде Лундедеги Skne arena аренасында концерт берет», - деп белгиленген басма сөз үчүн маалыматта.
Дилан 10-декабрдагы сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан эмес. Ошондуктан, Швед академиясы ырчы жазында сыйлыкты алат жана салт болуп калган Нобелдик лекциясын окуйт деп маалымдаган болчу.
Ал адабият жаатында Нобель сыйлыгынын лауреаты катарында 13-октябрда жарыяланган жана анын тарыхында бул сыйлыкка татыктуу болгон биринчи музыкант болуп саналат.
Таалайбек ТЕМИРОВ

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек