Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназияга окумуштуу А.Молдокуловдун бюсту коюлду

Маданият
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
506
Бүгүн, 14-октябрда Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназияда ушул мектепте окуган белгилүү окумуштуу, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, көрүнүктүү коомдук ишмер Айдаркан Молдокуловдун бюсту ачылды. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев жана башка белгилүү инсандар, илимпоздор, ушул мектептен билим алган окуучулар катышып, белгилүү окумуштуу А.Молдокуловдун өмүр жолу жана жетишкендиктери, ар тараптуу инсан болгондугу, анын Кыргызстанда экономика илиминин түптөлүшүнө кошкон салымы, ал эмес көркөм адабиятка кызыгып ыр жана сатира жазгандыгы жөнүндө айтышты.
Эстеликти А.Эркебаев жана Сабыр Молдокулов (Айдаркан Молдокуловдун уулу) ачышты.
«Айдаркан агай экономика боюнча илимий мектеп ачкан, өзүнүн сунуштарын өкмөткө берип, аны иш жүзүнө ашырган. Мына ушул жерде турган окуучуларга айтаарым – Айдаркан Молдокулов сыяктуу өзүнүн эмес, өзүнүн айлынын эмес, кыргыз элинин кызмат кылган өнөрлүү инсандардан болгула», - деди өз сөзүндө академик А.Эркебаев.
Эстеликтин ачылышы мектептин 90 жылдыгына жана А.Молдокуловдун көзү өткөнүнө 30 жыл болгондугуна арналды.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.