Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Бишкекте Кыргызстандын Журналисттер союзунун 9-съезди өтүп жатат

Маданият
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
447
Съезддин алкагында Журналисттер союзунун эмки жылдардагы ишмердиги жана милдеттери, Союздун жаңы уставын бекитүү, төрагасын шайлоо жана Кыргызстандын журналисттеринин кесиптик этикасынын кодексин бекитүү сыяктуу маселелер каралып жатат.
Ошондой эле журналисттерге өзүнчө үй куруу жана ал үчүн ипотекалык кредит бөлүп берүү жолу менен журналисттердин социалдык-турмуш шартын жакшыртуу үчүн КР Өкмөтүнөн жардам суроо, ошондой эле КР журналисттеринин укугун коргоо жаатында “ЖМК тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери да талкууланат. Съезддин жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.