Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Бишкекте азан айтуу жыйынтыкталды

Маданият
26 - Март 2019
www.erkintoo.kg
187
25-мартта  Бишкек шаарындагы «Жами-и Надва» мечитинде Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана «Мухаммед Умар» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган азан айтуу боюнча жарыштын шаардык туру болуп өттү. Мындай маалыматты  Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Сынакта шаардын төрт районунан тандалып алынган 21 азанчы катышкан. Жыйынтыгында
биринчи орунду Бишкек шаарындагы «Тоиба КАСИ» мечитинин азанчысы Курманалиев Сүйүнбек ээледи. Экинчи орунга ошол эле мечиттин жардамчы имамы Нурмухаммад каары Жуманалиев татыктуу болду. Ал эми үчүнчү орун «Хафиз уулдары» мечитинин азанчысы Аалы уулу Азаматка ыйгарылды.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.