Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

“Бишкек-Ош” гезити ачылды

Маданият
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
737
12-октябрда “Вечерний Бишкек” гезитинин алдында “Бишкек-Ош” жаңы гезитинин ачылуу аземи болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэриясынан өкүлдөр, “Тазалык”, “Асфальт-бетон”, “Жашылдандыруу” ишканаларынан атайын өкүлдөр келишкен.  “Вечерний Бишкек” гезитинин ээси Дмитрий Рябушкиндин айтымында, буга чейин кыргыз тилинде шаардын көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин билдирип туруучу гезитти чыгаруу ою болуп келген. Минтип Бишкекти эле эмес, Ош шаарын да камтыган гезит эми эки шаардын ортосунда көпүрө болуп, шаарлардын ички абалын бирдей чагылдырып турмакчы. Гезиттин эмгек жамааты “Жаңы Агым” гезитинде иштеп жүргөн журналисттер. Ал эми “Жаңы агым” гезити 3-4 ай мурда эле жабылган. Биз гезиттин өмүрү узун болуп, ММК ичинде абройлуу басылма болсун демекчибиз!
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.