
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

“Азия MIX” таазим кылууга татыктуу
КВН же “Шайырлар жана тапкычтар клубу” алгачкы аталышы “Шайыр суроолор кечеси” деп аталганын көпчүлүк биле бербейт. Ал советтик телеэкранда 1956-жылы пайда болгон. 1961-жылы бул берүү КВН деп аталып, 1964-жылдан тарта анын алмашпаган алып баруучусу Александр Масляков болуп саналат. 1990-жылдан бери КВНге Масляков негиздеген “АМиК” (“Александар Масляков жана компания”) деп аталган телевизиондук чыгармачыл бирикме ээлик кылат. Учурда орусиялык эң популярдуу телеберүүлөрдүн бири болуп саналат. Быйылкы сезондо Кыргызстандык “Азия MIX” командасы клубдун жогорку лигасынын жеңүүчүсү деп табылды. Кыргызстандык команданы бул татыктуу жеңиши менен Президент Алмазбек Атамбаев куттуктап: “Биздин команда баарынан шайыр жана тапкыч экенин бир гана жюри эмес, бардык күйөрмандар тааныды! Жыйынтыгында «Азия Mix» мыктылардын мыктысы болуп табылды!» - деди жана «Азия Mix» командасынын ийгилиги көптөгөн кыргызстандыктар үчүн чоӊ сыймык экендигин кошумчалады. Буга чейин кимдер жеңүүчү болушкан? Көз чаптыралы.
Клубдун чемпиондору (1986 – биздин күнгө чейин)
Атай Алтымышев
Клубдун чемпиондору (1986 – биздин күнгө чейин)
Атай Алтымышев
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек