Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Август айынан тарта маданий жайлар ишин улантат

Маданият
23 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
141
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында  августтун башынан баштап театрлар ишмердүүлүгүн жандантат. Бирок, онлайн форматта.  Мисалы,  балдар үчүн куурчак театрынын жана анимациянын жардамы менен вирустан коргонуу, карантинде өзүн алып жүрүү тууралуу видео даярдалган.  Ал эми ар бир театрдын коюла турган спектаклдерин алардын сайтынан көрсө болот.  Ошондой эле маалыматтарды социалдык баракчаларынан алып, мурункудай эле калк үчүн кинолордун, спектаклдердин, көргөзмөлөрдүн онлайн-көрсөтүүлөрү уюштурулат. Алар маданият жана искусство мекемелеринин социалдык тармактарына, сайттарына жана Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын YouTube каналына жайгаштырылат. Китепкана фондунда калк электрондук китепканага кирип аудио, электрондук китептерди көчүрүп окуса болот.  Ал эми музей мекемелеринде интернет кызматтары жана тиркемелери аркылуу музей коллекциялары, тарых сабактары, талкуулар, виртуалдык сейилдөө үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу