Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Анна Ахматованын адабий күндөлүгү аукциондо сатылды

Маданият
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
579
Анна Ахматованын 1920-жылдардагы кол жазма китепчеси “Литфонддогу”  аукциондо 2,9 млн рублге сатылды, деп билдирген аукциондун басма сөз кызматы “Интерфакска”.
Тоорукта Анна Ахматованын адабий күндөлүгү жана Арсений Тарковскийдин автографы үчүн активдүү күрөш жүрдү. Алсак, аукциондун жүрүшүндө кесипкөйлүк ишмердүүлүгү жана адабий чөйрөсү жөнүндөгү жазуулары бар  Анна Ахматованын 1920-жылдардагы кол жазма китепчесинин баасы уюштуруучулар тарабынан коюлган баштапкы 800 миңден 2 миллион 900 миң рублге чейин өстү”, -деп түшүндүрүштү басма сөз кызматынан.
Уюштуруучулардын айтымында, тооруктагы бардык лоттордун 73%дан ашыгы жалпы 4 миллион рублдан ашык суммага сатылды.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.