Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

"Алтын глобус" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аталды

Маданият
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
583
«Алтын глобус» сыйлыгында «Айлуу жарык» тасмасынын режиссеру Барри Женкинс «Мыкты драма» номинациясы боюнча лауреат болду. Бул ирет Лос-Анжелесте 74-чү кино сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. «Алтын глобуста» «Ла-Ла-Ленд» мюзиклиндеги жаш актриса менен пианисттин махабаты жөнүндөгү баян лидер аталды. Ал эми  Дэмьен Шазеллдин тасмасы «Мыкты комедия же мюзикл», «Мыкты сценарий», «Мыкты режиссер», «Мыкты ыр» жана «Фильмдеги мыкты саундтрек» сыяктуу номинацияларда жеңишке жетишти. Анда башкы ролдорду ойногон  актриса  Эмма Стоун менен Райан Гослинг мыкты аял жана эркектин ролу үчүн «Алтын глобус» алышты. Ал эми «Таажы» тасмасы мыкты драмалык сериал номинациясын алды. Аталган сыйлык 1944-жылдан бери тапшырылып келет.  
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.