Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Акматалиевдин "Манастан” Айтматовго карай" китеби чыкты

Маданият
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
770
Академик Абдылдажан Акматалиевдин "Манас" эпосу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана фольклор тууралуу жаңы китеби жарык көргөнүн Улуттук илимдер академиясынан билдирди.  Китепте автор "Манас" эпосу – Чыңгыз Айтматовдун руханий космоско учуп чыгышынын көркөм старттык аянтчасы болгон" деген пикирин тереңдетип,  "Кассандра тамгасы" романы менен эпостун үндөштүгүнө токтолгон. Мындан сырткары, автор өз эмгегинде Айтматовдун эпикалык ой жүгүртүү масштабында манасчылык өнөрдүн купуя сыры катылып жатканын ачып берген. Ошондой эле,  китепте тил, маданият маселелерине арналган маектер бар.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.