Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Айжан АКЫЛБЕКОВА: «Аялды күнөөлөй албайбыз, ага акыбыз да жок"

Маданият
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1498
Айылда таянемдин колунда тарбияланып, 13 жашка чыкканда шаарга өз апамдын колуна келгем. «Калп айтпа, таза жүр, ар бир нерсеге жоопкерчиликтүү бол» деген таянемдин сөздөрү азыр да кулагымда» -  дейт маркум Муктар Өмүракуновдун жубайы  Айжан Акылбекова. Кыргыздар «балам балалуу болгондо билээрсиң»  дейт эмеспи, анын сыңарындай Айжан эже да балалуу болуп, ата-эне баркын билип турган чагы экен.
- Айжан эже, бала жашоону өзгөртөт бекен?
- Албетте?
- Мурда кандай элеңиз? Балалуу болгондон кийин кандай болуп калдыңыз?
- Оо, мен супер эгоист болчумун да (күлүп). Аны бардыгы эле билишет.  Мурда бардык жакшы нерселер меники болсун десем, азыр ошол нерсени балдарыма каалайм. Өзүмдүн кызыкчылыгыман балдарымдын кызыкчылыгын жогору коем
- Канчага келип калышты?
- Улусу 10, ортончусу 9, кичүү уулум 6 жашта.
- Балага ат коюу да исламда  маанилүү иштерден эмеспи, уулдарыңызга ысымды ким ыйгарган?
-  «Сен балалуу болсоң,  балдарыңа мен ат койсом» деген апамдын кыялы бар болчу. Бирок жолдошум атка аябай кызганыч менен мамиле кылат эле. Өзүмдүн балдарыма өзүм ат коеюнчу деп апаман суранып, кеңешип өзү койгон. Ат коердо да бир айлап ойлонуп, издеп жүрүп анан коер эле. Улуу балабызга Бакай, экинчи балабызды Атахан деп койгон. Үчүнчү уулубуз Адамга ат коердо көпкө талашканбыз. Биринчи пайгамбардын атынан Адам деп койгон.
- Мүнөздөрү кандай?
- Бакай аябай ак көңүл, анан дипломат. Бирөөнүн көңүлүн калтырбай, текши жайгарып кетет. Атахан өзүнө жакпаса айтат. Адам менен көп сүйлөшпөй, жалгыздыкты жактырат. Логикасы жакшы, азыртан эле алдына максаттарды  коет. Ал эми Адам көпчүлүктү, конокту аябай жакшы көрөт. Телефон алып бересинби, оюнчук алып бересинби элге таратып берип,  жыргап отуруп калат. Ошондон ырахат алат.
үнөз деле ата-энеден берилет го?..
- Берешендик Мухтар экөбүздө тең эле бар болчу. Мисалы Мухтар өзүнө бут кийим алгандан аяган акчасын бирөөгө берчү. Кичүү уулум Адамдын элге аралашып, элди алган жагы да атасын тартса керек.  Менин мүнөзүм түнтүрөөк. Көп адам менен аралашып, баары менен ачылып сүйлөшпөйм.  Ортончу баламды өзүмө окшоштурам.
- Балдарыңыздын бир күндүк режими кандай?
- Улуу балам багымдаттын убагында турат. Мектепке 8де кетип, кечинде 6 да келишет. Мектепте тил, спорт бардыгы бар.  Тамакты да ошол жактан ичишет. Кандай кырдаал болбосун, балдарым сабактан келгенде үйдө болгонго аракет кылам. Себеби, баланын оюнда «апабыздын бизден башка да маанилүү иши бар турбайбы» деген ой болбошу керек. Алар менден көңүл буруну, мээримди сезип турушун калайм. Мектептен келип, тамактанып, китеп окуу балдарымдын күнүмдүк иши. Ал эми  интернетке 10 мүнөт, ашып кетсе 40 мүнөткө руксат. Мындай чектөөмө башында көнө албай, кыялдарын көргөзүштү. Компьютердин зыянын түшүндүрүп бергенден кийин, түшүнүү менен мамиле кылып калышты.  Ата-эне бала тарбиялоодо мен айттым, ушундай болуш керек дей бербей, айтып түшүндүрүп, көргөзүп бериш керек. Балага эркиндик берип туруп, жакшы-жаманды түшүндүрүп койсоң бала өзү эле тандап алат. Мен балдарым  менен ушул маселени түшүнүп алганыбызга сүйүнөм.
- Кызыгуу  кээде табиятынан берилсе, кээде кызыгуудан улам болот эмеспи. Сурайын дегеним, сиз балдарыңызды китеп дүйнөсүнө кантип кызыктырдыңыз?
- «Китеп окугула» деп аларга талап деле койбойм. Өзүм көп окуйм, көп изденем. Алар мени көрүп эле кызыгууларды ойгонду окшойт. Табиятынан берилет дегениңиз да туура. Мисалы, улуу балам китепти ушунчалык сүйөт. Жан дили менен окуурун сезем. Ортончу уулумдуку жөн эле машыгуу экенин байкайм. «Бакай мынча китеп окуптур, мен да ага жетишишим керек» деп, билбей калган нерсесин чуркап барып окуп калат.
- Кантип эс аласыздар?
-  Балдарыман арткан убактымды гана өзүмө, өз иштериме колдонбосом, дээрлик көп убактым балдар менен өтөт. Эл алуу күндөрү жаратылышка чыгабыз, чогуу отуруп кино көрөбүз. Жаш баладай болуп, аларга аралашып жашынмак, кубалашмай, шахмат ойнойбуз. Бул бала менен ата-эненин ортосун жакындатат.
- Чоңоюп келе жатышат, кээде көз караштар туура келбей калабы?
- Ооба, мени заманбап эмессиң деп калышат.  Бетховен, Анна Герман, Шопендин чыгармаларын укканым аларга жакпайт. Мага жагат, бул менин табитим десем, сиз эч нерсени түшүнбөйсүз дешет. Ушундай дал келбеген көз караштар болуп калат. Кино көрөрдө да талаш жаралат.  Мен тарыхый кинолорду,  алар фантастиканы жакшы көрөт. Алар көпчүлүк болгондуктан, көп убакта мен утулуп, аларга жаккан нерсени аткарууга туура келип калат.Тамак-ашта дагы көз караштарыбыз дал келбейт. Бардык эле энелердей  шорпо, жашылча, сүт азыктарын жасап берем. Алар болсо гамбургер же кола сыяктуу тамактарды жегенди жакшы көрүшөт.
-Атасы жаман оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт дегендей,  бүгүнкү энелер бала тарбиялоодо эмнеден аксап жатабыз деп ойлойсуз?
-  Биринчиден өзүбүздү тарбиялоо жетишпейт. Аялдарга камкордук, сүйүү, көңүл буруу жетишпейт. Ошол нерсенин барынан өксүп калган аял балага эч нерсе бере албайт. Берейин десе, кечке базарда соода кылат. Же бирөөнүн үйүн жыйнап, тамагын жасап, документин толтуруп жүрөт. Анан кантип берет? Балага убакыт жок. Аял бардык жүктү өз мойнуна алып алган.  Ошондуктан аялды күнөөлөй албайбыз, ага акыбыз да жок. Аларды аяп, камкордук көрүшүбүз керек. Аялды ошол иштерден бошотушубуз керек. Аял балдарды тарбиялашы керек. Ал өз уулун чыныгы мырза, элдин жүгүн көтөргөн азамат кылып тарбиялашы керек. Эркек аялын коомдун жүгүн көтөргөндөн бошотушу зарыл. Бүгүнкү эне учурда бардыгын жасап, барыгына жетишип жатат. Бирок баласына убактысы жок.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.