Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Айтматовдун чыгармаларын камтыган сүрөт көргөзмө Таврия сарайында уюштурулду

Маданият
30 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
236
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын камтыган сүрөт көргөзмө Санкт-Петербург шаарындагы  Таврия сарайында уюштурулуп, ачылыш аземге КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешине келген бардык делегаттар катышты. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн  Жогорку Кеңештин төрагасынын  орун басары Асел Кодуранова: "Чыңгыз Айтматов улуту кыргыз болгону менен бүткүл ааламдын Айтматову болуп калды. Анын чыгармалары ар бир улуттун жүрөгүндө жашап, гумандуулукка, айкөлдүккө чакырып келет. Улуу калемгер бизге калтырган кенчи аркылуу дүйнөнү бириктирүүгө жана достукка үндөгөнү айныгыс чындык", - деп белгиледи.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.