Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Жумакадыров кабылган жол кырсыгы: КамАЗдын айдоочусу эки айга камакка алынды

Кылмыш
09 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
445

 Бул тууралуу  ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында КамАЗ менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, КамАЗ автоунаасынын айдоочусу кармалган.

Билдирүүгө ылайык, айдоочунун баш коргоо чарасы бүгүн, 8-октябрда Биринчи май райондук сотунда каралган. 

"Соттун чечимине ылайык жүк ташуучу унаанын айдоочусу Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды. Тергөө иштери уланууда", — деп айтылат билдирүүдө. 

Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрь күнү саат 9.00дө Кыргыз улуттук академиялык театрында өткөрүлүп, маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.