Курс НБ на 13.08.2020 $77,8563 €91,4695

Жубайлардын урушу өлүм менен аяктады

Кылмыш
25 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
206
Аламүдүн районунда жубайлардын урушу адам өлүмү менен аяктады. Бул туурасында ОИИББдан кабарлашты. Маалыматка ылайык,  24-декабрда милицияга Беш-Күңгөй айылындагы аскер госпиталына бычактан жарадар болгон аял келип түшкөнү кабарланган.  24 жаштагы Ы.П. алган жаракатынан улам каза болгонун милиция аныктады. Ушул эле күнү милицияга Арашан айылындагы ооруканага бычактан жаракат алган эркек киши келип түшкөнү да кабарланган. Өзүнө өзү бычак сайган 28 жаштагы Ч.Р. да каза болгон. Алар аялы жана күйөөсү болгон. Экөө 3 жылдан бери чогуу жашап 2 баланы тарбиялап келишкен.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.