Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Жогорку соттун А. Келдибековго карата чыгарган өкүмү

Кылмыш
14 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
413
Кечээ, 13-октябрда КРнын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулары жөнүндөгү соттук коллегиясы Ахматбек Келдибековго карата жазык ишти карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмүн жана аныктамасын күчүндө калтырды. Бул жөнүндө Жогорку соттун пресс-кызматы билдирди.
Эскерте салсак, Бишкек шаардык соту А. Келдибековго карата 2016-жылдын 11-мартындагы чечими менен 12.11.2015-жылдагы Биринчи май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган КРнын КЖКнын 304-б. өкүмдүн актаган жерин өзгөртүп, 50 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган жана А. Келдибековду КРнын КЖКнын 304-беренесинин 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөлүү деп таап,  50 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган. КРнын КЖКнын 59-беренеси (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) менен 100 000 эсептик көрсөткүчтө айып салынган (б.а. 10 млн. сом мамлекеттин эсебине которулат). Ал эми 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин экс-спикери  Ахматбек Келдибековго карата өз өкүмүн чыгарган. Өкүмдө КРнын КЖКнын 304-беренесинин 4-бөлүмү менен акталган жана ушул эле берене менен күнөлүү деп табылып, ага сот 30 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган (б.а. 3 млн. сом).
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.