Курс НБ на 01.10.2020 $79,6000 €93,1957

Жигит сүйлөшкөн кызынын батирин өрттөп салды

Кылмыш
09 - Август 2018
www.erkintoo.kg
381
Каракол шаарында жаран сүйлөшкөн кызын кызганып, анын батирин өрттөп салгандыгын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.  “Өрт чыккан батирдин ээси 38 жаштагы Караколдун жашоочусу экендиги аныкталган. Ага чейин батир медициналык окуу жайдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн директору Анарбүбү Апсалиевага тиешелүү болгон”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан. Окуу жайдын директору 2016-жылы өлтүрүлгөн. Батирди өрттөгөнгө шектелип 18 жаштагы Ж.Акжолтой жана анын тууганы 19 жаштагы М. Адилет аттуу жергиликтүү тургундар кармалышты. Алар күнөөнү мойнуна алышты. Алардын айтымында, Акжолтой сүйлөшкөн кызын кызганып, андан өч алуу үчүн бул ишке барган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шаардык соттун чечими менен кармалгандар үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иши жүрүүдө.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.