Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

Жаңы төрөлгөн ымыркайын мууздап өлтүрүп, таштандыга ыргыткан жаш эне кармалды

Кылмыш
25 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
393
Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү болжол менен саат 10:30дар чамасында Ленин РИИБге борбордогу көчөлөрдүн бириндеги таштанды челекте жыңы төрөлгөн эркек ымыркайдын денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Нарын облусунун 30 жаштагы тургуну М.М. кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси (Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал баласы төрөлгөндөн кийин аны мууздап өлтүрүп, таштанды челекке ыргыткан. Аталган иш боюнча бир катар экспертизалар дайындалды.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.