Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

Жаш балдарга оор кылмыш жасагандарга жаза чаралары катаалдашат

Кылмыш
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
739
Жогорку Кеӊеште эрезеге жетелек балдарга карата оор жана өзгөчө кылмыш жасоо менен соттолгон адамдарга карата жаза чараларын катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору каралып, экинчи добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору аркылуу Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда. Талкуу жүрүшүндө депутаттардын басымдуу бөлүгү балдарга карата жасалган кылмыштардын жаза чараларын мындан да катаалдаштыруу, алтургай, химиялык кастрацияга чейин катуулатуу тууралуу пикирлерин билдирип, өз кесиптештерин мыйзам долбоорун тездетип кабыл алып берүүгө чакырды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.