Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Жасалма документ менен жаш баланы чет өлкөгө уурдап кетмек болгон

Кылмыш
15 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
440

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Ош” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинде Ош-Москва каттамындагы №965-рейсти каттоо учурунда 37 жаштагы И.С. аттуу кыргыз жараны кармалган. Ал 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен өлкөдөн сыртка алып чыгып кетүүгө аракет кылган.

Анын айтымында, баланын атасы өлкөдөн чыгарууга уруксат бербегендиктен жасалма документ колдонгон. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган аял УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.