Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Кылмыш
06 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
403

 Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка караганда, 28-август күнү болжол менен саат 00:40 чамасында Бишкек-Торугарт жолунда чыгыштан батышка келе жаткан белгисиз унаа 60 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Алган жаракатынан жабырлануучу кырсык болгон жерден мерт кеткен. Чүй ОИИББнын Патрулдук милиция башкармалыгы жогорудагы окуя боюнча билген маалыматтар бар болсо же күбөө болуп калсаңыз төмөнкү телефондору аркылуу кайрылууңарды суранат:

Байланыш телефондор: (312) 44-64-22, 102, 0701155701 Жашыруундулук сакталат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.