Курс НБ на 01.10.2020 $79,6000 €93,1957

Өзбекстандык Рахмат Акилов жаза мөөнөтүн Швециядагы эң катаал абакта өтөйт

Кылмыш
24 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
378

Стокгольмдогу теракт иши боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган өзбекстандык Рахмат Акилов жаза мөөнөтүн Кумла түрмөсүнүн өзгөчө бөлүмүндө өтөйт деп жазды Азаттык.

Укук коргоо органдары Акилов качып кетиши мүмкүн деп эсептегендиктен, ал Швециянын эң ишенимдүү, бекем түрмөсүнө жайгаштырылды.

Мындан тышкары анын камактагы башка адамдар менен сүйлөшүүсүнө дагы чектөөлөр киргизилет. Жергиликтүү SVT телеканалынын маалыматына караганда, мындай чечим Акилов өзүнүн көз карашы менен башкаларга таасир этиши мүмкүндүгү менен түшүндүрүлүүдө.

Июнда Стокгольм соту Акиловду беш адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.