Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Өзбекстанда курсташтарына бычак менен кол салган студент кармалды

Кылмыш
11 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
445

Жаракат алган студенттердин бири каза болуп, экинчиси аман калган деп маалымдады Борбордук Азия жаңылыктар кызматы.

Окуу жайдын студенттеринин биринин айтымында, милиция кызматкерлери Саидкамрон Саидвохидов жашырынып отурган үйгө барышканда, өспүрүм өз венасын кесүүгө аракет кылган:

​– Бычак менен курсташтарына кол салгандан кийин Саидкамрон досунун үйүнө жашырынып калган. Ал «Лирика» аттуу маңзатынын таасири менен кол салууга барган. Милиция аны тапкан маалда ал соолугуп калган. Эсине келген өспүрүм кылган кылмышына таң калып, өз венасын кесип салууга барды. Бирок анын колу таңылып, андан соң камакка алынды, – деди ал.

Кол салуудан каза болгон студент Асадбек Парпибоевдин туугандары билдиришкендей, экспертиза анын канынан баңгизат тапкан эмес.

Бул факты боюнча «атайылап адам өлүмүнө алып келген жаракат келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.