Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Ысык-Көлдө жөө аялды өлтүрө сүзүп кеткен «Тойота Ленд Крузердин» айдоочусу кармалды

Кылмыш
06 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
410
Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ маалымдады.  5-октябрь күнү саат 01:05те Ысык-Көл РИИБге ат майдандын жанында жол кырсык катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 84-чакырым аралыгында «Тойота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткендигин аныктаган. Андан кийин унаа электр мамысын сүзүп, 21 метр аралыкка ыргып кеткен. Ошондой эле, белгисиз айдоочунун Чолпон-Ата шаары тарапка бара жаткандыгы белгилүү болгон. Айдоочу унааны таштап, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми, аталган айылдын тургуну алган жаракатынан улам жол кырсыгы болгон жерде каза болгон.
Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан «Кармоо» операциясы жүргүзүлүп, Чүй облусунун Панфилов районунун Тельман айылынын 1986-жылы туулган Т.Беккул аттуу тургуну бул ишке шектелип кармалды.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБде катталып, соттук-медициналык, унаа-техникалык экспертизалар жана айдоочунун спирт ичимдиктерин колдонгондугу боюнча медициналык күбөлөндүрүү дайындалды. Топтолгон материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.