Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Ысык-Көлдө 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип, бир туугандар кармалды

Кылмыш
11 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
436

Ысык-Көл районунун Бостери айылында 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалгандыгын Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя кечээ, 10-октябрь күнү эртең менен Бостери айылында болгон.

"Саат 7.00дөр чамасында Ысык-Көл райондук милициясына оор жаракат алган кыз ооруканага Тез жардам унаасы менен жеткирилгендиги кабарланган. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү сураштырганда, жарадар аял кишини көчөдө жаткан жеринен таап алгандары белгилүү болду",-деп айтылат маалыматта.

Милиция ал Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну экендигин жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн эсине келбеген бойдон көз жумганын билдирди.

Окуядан көп өтпөй эле  тартип сакчылары кылмышка шектүү адамды колго түшүрдү. Алар Бостери айылында жашаган 31 жана 32 жаштагы бир туугандар болуп чыкты.

Азыркы учурда шектүү адамдар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.