Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

Ырчы Атабековдун апасынын үйүн тоногон адам табылды

Кылмыш
03 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
24
Шаардык милиция Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн бирине карактоого кирди деп шек саналган жаран кармалганын маалымдады. Милициянын маалыматына караганда, 6-майда тоноо тууралуу арызданып А.Д. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Мааалыматка караганда, анын Гвардейский көчөсүндө жайгашкан үйдөн беткапчан куралчан адамдар 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын алып кеткен. Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынан 24 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалган. Тонолгон үй ырчы Мирбек Атабаевдун апасынын үйү болчу.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу