Курс НБ на 12.11.2019 $69,8426 €77,0294

Уурунун арты кууш

Кылмыш
17 - Март 2017
www.erkintoo.kg
488
Ысык-Көл облусунда өткөн жылдагы тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, облустун аймагында «Розыск» жана «Транзит» операцияларын өткөрүү учурунда ИИМдин КИББнын жана Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө борборунун ыкчам кызматкерлери тарабынан Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасынын 22 жаштагы тургуну Ш.Сталбек өткөн жылы тоноо фактысын жасагандыгы үчүн шектелип кармалды. Эскерте кетсек, 2016-жылдын 28-декабрь түнү белгисиз балдар Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында аялдын үйүнө киришип, жолдошун, баласын жана өзүн темир арматуралары менен сабашып, коркутуп 200 миң сомун, 20 миң тенгесин, алтын сөйкөсүн, 2 даана «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун тартып алып кетишкен.
Бул факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 167 - беренеси («Тоноо») менен кылмыш иши козголгон.
«2,5 айдан кийин милиция кызматкерлери тоноо фактысына тиешеси бар шектүү адамдардын биринин изине чыгышып, аны кармоого үлгүрүштү. Кармалган шектүү адамдан тоноо кылмышына байланышкан далил заттар алынды. Учурда калган шектүүлөрдү кармоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.