Курс НБ на 13.08.2020 $77,8563 €91,4695

“УКМК кызматкеримин” деп алдаган жаран кармалды

Кылмыш
26 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
197
Кадамжайда өзүн "УКМКнын кызматкеримин" деп тааныштырып, жарандарды алдап акча опузалап жүргөн адам кармалды. Бул туурасында  Баткен облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 4-декабрда Кадамжай районунун Бирлик айылынын 27 жаштагы тургуну Руслан Төлөнов аттуу жаран карызга 180 миң сом алып кайтарып бербей кеткенин айтып арыз жазган. Ал эми 11-декабрда Айдаркен шаарынын 43 жаштагы тургуну өзүн "СНБдан Руслан Жээнбеков" деп тааныштырган адам жеринин документин бүтүрүп берүүнү убадалап 10 миң сом алып кеткенин айткан. 12-декабрь күнү  Кадамжай шаарынын 54 жаштагы тургуну бейтааныш атуул "УКМКнын кызматкеримин" деп тааныштырып, 24 миң сомдук унаа тетигин карызга алып качып кетти деп кайрылган. Мындан сырткары дагы үч киши бир адамдын 71 340 сом алып сызга отургузуп кеткенин айтып кайрылган. Кылмышка шектүү кармалган учурда аты-жөнүн дагы туура эмес айтып койгон.
Айнура Шайкеева



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.