Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

УКМК Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоду

Кылмыш
05 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
497

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Азимбек Бекназаровго карата Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда жалган көрсөтмө бергени үчүн кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-августта Башкы прокуратура интернетке тараган Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдун ортосунда болгон сөздүн аудиожазуусун тийиштүү текшерүүдөн өткөрүү үчүн УКМКга берген. Экөөнүн сүйлөшүүсүндө Бекназаров Текебаевдин пайдасы үчүн жалган көрсөтмө бердим деп айтканы жазылган.

Ошондой эле УКМКга маалымат сайттарынын биринин жетекчиси Раушан Айткулова дагы кайрылган.

"Айткулова арызына Бекназаров менен сүйлөшкөн видеосун тиркеген. Анда Бекназаров сотто Текебаевдин пайдасы үчүн жалган көрсөтмө бергенин айткан. Бекназаров ошондой эле Текебаев жана анын "Ата Мекен" партиясынын тарапташтары 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганда көзөмөлдү өздөрүнө алуу үчүн MegaCom компаниясынын ишмердигине кийлигишкенин айткан", — деп жазылат маалыматта.

Келип түшкөн видео жана аудиожазууну текшерүү үчүн Алматыдагы көз карандысыз эксперттик мекеменин адистери тарабынан фоноскопиялык изилдөө жүргүзүлгөн.

Анын корутундусуна ылайык, интернетке тараган аудиожазуу менен Айткулова тарабынан берилген видеожазуудагы үн Бекназаровго таандык экени айтылат. Ошол эле учурда эч кандай монтаж жасалган эмес.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: Спутник

16-августта Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларды коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Текебаевдин жактоочулары райондук соттун өкүмүн шаардык сотко арызданган, сот иши 5-сентябрда Бишкек шаардык сотунда каралмак.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.