Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €84,5647

Туристти урган таксист изделип жатат

Кылмыш
30 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
337
Окуя 28-июль күнү  болгон. Анда Бостери айылында такси айдоочусу Орусиядан келген  30 жаштагы туристти жана анын жети жаштагы кызын сабап салган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББинен маалымдашты. "Жабырлануучу өзүнүн арызында 28-июль күнү кызы менен Бостери айылынан Чолпон-Атага баруу үчүн таксиге отурганын жазган. Жолдон айдоочу дагы башка жүргүнчүлөрдү ала баштаган. Турист унааны ылдамыраак айдоону өтүнгөндө ортодо пикир келишпестик жаралган. Ачууланган айдоочу унаасын токтотуп жүргүнчүнү жана анын кызын ур-токмокко алган", — деп айтылат маалыматта. Учурда таксист кармала элек. Аны издөө иштери жүрүүдө.
 
Жазгүл Кенжетаева



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.