Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

Түркияда кыргыз, казак кыздарын сойкулукка мажбурлагандар 27 жылга кесилди

Кылмыш
29 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
456
Сойкулук менен алектенүүгө шектелгендер үстүбүздөгү жылдын февраль айында кармалган. Бул тууралуу Спутник басылмасы жазып чыкты. Түркиядагы Кожаели провинциясында кыргыз жана казак кыздарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап келген жарандар кармалып, алар алты жылдан 27 жылга чейин эркинен ажыратылгандыгы тууралуу Түркиянын Haberler басылмасы жазып чыкты Haberler.com. Сойкулук иши менен алектенүүгө шектелгендер үстүбүздөгү жылдын февраль айында кармалышкан. Алардын алтоо сутенёр болсо, тогузу сойкулук менен алектенген кыргыз, казак кыздар болуп чыккан.  Кожаели провинциясынын аймактык полиция башкармалыгы кармалган алты сутенёрду кечээ алты жылдан 27 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал эми кыргыз, казак кыздарынын азыркы абалы боюнча маалыматтар айтылган эмес. . 
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.