Курс НБ на 21.01.2020 $69,7130 €77,3082

Тоголонгон кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголду

Кылмыш
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
563
21-сентябрда Шабдан Баатыр көчөсүндө тоголонуп кеткен №138 каттамдагы кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголду. Бишкек ШИИБнин saat.kgге берген маалыматына караганда, кичи автобустун айдоочусу кече күнү камакка алынган. Учурда азыр убактылуу кармоочу жайда. Маалыматтарга караганда, айдоочунун 2 жылдык гана тажрыйбасы  болгон. Эске салсак, тоголонуп кеткен кичи автобустан 9 адам жабыркап, бир кыздын колу жанчылып калгандыгына байланыштуу дарыгерлер колун кесүүгө аргасыз болушкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.