Курс НБ на 04.06.2020 $73,4726 €82,3665

​Тоң районунда күйөөсү аялын атып салган

Кылмыш
18 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
277
Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда 29 жаштагы К.И. аттуу тургун адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул туурасында  ОИИББдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган кылмыш  кызганычтан улам болгон. Анда Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну К.И. жубайы А.Н. менен айылдагылардын малын жайлоодо кайтарып жүрүшкөн. 16-июнда алар урушуп кетип, жолдошу жубайынын көкүрөгүнө аткан. А.Н. окуя болгон жерде каза болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.