Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

​Түлеевдин үйлөрүн сатып жиберген аткаминер кармалды

Кылмыш
09 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
27
Нариман Түлеевден алынган сегиз батирди сатып жиберди деп шектелген мэриянын мурунку кызматкери А.Э. кармалды. Бул туурасында шаардык милиция кабарлады. Эске салсак,  буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси кылмыштуу схеманы аныктап чыккан. Маалыматтарга караганда, аталган кызматкер мэрияда болгону бир жарым ай иштеген. Ал 583 миң долларлык чыгым келтиргени белгилүү болду.


Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу