Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

Терактты уюштурууга шектелген алтынчы киши кармалды

Кылмыш
25 - Май 2017
www.erkintoo.kg
464
Британ полициясы 22 адамдын өмүрүн алган Манчестердеги терактты уюштурууга шектелген алтынчы киши кармалгандыгын билдирди. Шаардын түндүк бөлүгүндөгү Блэкли шаарчасында жүргүзүлгөн тинтүү маалында бир аял кармалды.
Полиция өкүлү кеп кылмыштуу топ жөнүндө болуп жатканын жана полиция бүткүл Манчестер боюнча күчөтүлгөн тартипте издөө иштерин алып барып жатканын билдирди,-деп жазышты чет элдик басылмалар.
Улуу Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд Манчестердеги теракт "мурдагылардан кыйла курч мүнөзгө ээ болгонун жана анын аткаруучусу жалгыз иштебегендигин»-билдирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.