Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Теракт жасоо үчүн жиберилген 22 жаштагы кыргызстандык кармалды

Кылмыш
25 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
435

 Ошондой эле согушкерлерге медициналык дары-дармек жеткирип келген.

Кыргызстанда теракт жасоону пландаган эл аралык террордук уюмдун 22 жаштагы мүчөсү болгон кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран Сириядагы согуш зонасына Кыргызстандан кишилерди жиберүүгө көмөктөшүп турган. Ошондой эле согушкерлерге медициналык дары-дармектерди жеткирип келген.

"2017-жылдын март айында согушкерлер башчысы С.Мухтаровдун (каймана аты "Абу Салох") буйругу менен кармалган жаран террор чабуулдарын жасоого жана пландоого жардам кылуу максатында Кыргызстанга келгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын тергөө жайына киргизилди.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.