Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

Тажикстанда кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Кылмыш
19 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
515
Тажикстандын милиция кызматкерлери машинеси менен адамды коюп кеткен деген шек  менен кыргызстандык жаранды кармашты. Ал 4 күн мурда Согди облусунун аймагында унаасы менен катуу ылдамдыкта баратып, МАИ кызматкерин көмөлөтө уруп, дароо из жашырып кеткенин Тажикстандын “Авеста” маалымат булагы кабарлады.
 Согди облусунун Гафур  райондук  прокуратурасынын тергөөчүсү Абдулхофиз Авазмуроддун маалыматына караганда, окуя 14-январга караган түнү Ходжент-Гафуров  автожолунун 9-чакырымында болгон. Тергөөчүнүн айтымында,  лейлектик  жаран Мерседес унаасын катуу ылдамдыкта айдап баратып, МАИ кызматкерин жөөлөп, сүзүп өткөн.
 “Катуу ылдамыкта ургандыктан МАИ кызматкеринин буту үзүлгөн. Жардам берүүнүн ордуна из жашырып жок болгон. МАИ кызматкери  болсо ооруканага жеткирилген”,- дейт тергөөчү. Учурда кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.