Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Таштандыдан табылган аялдын башы табыла элек

Кылмыш
30 - Август 2017
www.erkintoo.kg
453

Оштогу кандуу окуяны жасады делген келин эжеси экөөлөп кайненесинин башын башка таштанды челекке ыргытканын айтып, көрсөтмө берди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Жаш келин суракта бул кылмышты эжеси менен чогуу жасагандыгын моюндаган.

"Учурда аялдын башы изделип жатат. Ал эми шектүүлөр аялдын буттарын да кескилөөгө аракет кылып, бирок кесе албай коюшканы аныкталды",-деп айтышты тартип коргоочулар.

Келиндин берген көрсөтмөсү боюнча маркум кайненеси аны уулу менен жашатпай турганын айтып келген.

"Окуя 26-август күнү катталган. Маркум каргашалуу окуядан эки күн мурда уулунун үйүнө келген. Келини эртең менен кайненеси уктап жаткан мезгилде аны таш менен башка чаап өлтүргөн соң эжесин жардамга чакырган. Эже-сиңди маркумдун башын кесип, денени бир нече бөлүктөргө бөлгөнгө аракет кылышкан. Кеч киришин күтүп, такси чакырып башын башка, ал эми денесин башка таштанды челекке салып кетишкен. Учурда аялдын башы табыла элек",- деди ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ал шектүү катары кармалган келиндин эки баласы бар экендигин кошумчалады. Учурда бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эске сала кетсек, 27-август күнү Ош шаарындагы контейнерден башы жок аялдын денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы келини жана анын 37 жаштагы эжеси кармалган.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.