Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Таштандыдан табылган аялды муунтуп өлтүргөн адам аныкталды

Кылмыш
14 - Март 2017
www.erkintoo.kg
368
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-март күнү шаардык таштанды таштоочу жайдан муниципалдык ишкананын кызматкерлери белгисиз аялдын жансыз денесин табышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 58 жаштагы жаран кармалды. Анын айтымы боюнча, маркум менен бирге спирт ичимдигин ичишип, уруша кетишкен. Шылдыңдап баштаганда аялды муунтуп өлтүрүп салган. Кылмыш изин жашыруу үчүн жансыз денени таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.