Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Тамчыдагы коттеджде аялын өлтүргөн киши милицияга өзү барды

Кылмыш
15 - Август 2017
www.erkintoo.kg
599
Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы жеке менчик коттеджден жансыз денеси табылган аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат, деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы. Алар Ысык-Көлгө эс алуу максатында Бишкек шаарынан барышкан.
«14-август күнү Бишкек шаарынын 49 жаштагы тургуну А.Улан ИИМдин криминалдык милиция кызматына өз ыктыяры менен барып, Тамчы айылынан 36 жаштагы жубайын кокустан өлтүрүп алганын билдирген.
Анын айтымында, жубайы менен 11-августта Тамчы айылына келип, эс алуу күндөрүн бирге өткөрүнүү максат кылышкан. Эртеси болжол менен саат 22:30 чамасында жубайы экөөнүн ортосунда чыр чыгып, мас абалында жубайын муунтуп салган. 13-август күнү ижарага алган үйдүн мөөнөтүн бир күнгө узартып, Бишкек шаарына чыгып кеткен», - деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.