Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

Тамбовдук аялды 44 жолу бычак сайып өлтүргөн кыргызстандык адам 18 жылга камалды

Кылмыш
29 - Август 2017
www.erkintoo.kg
478
Тамбов облусунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө айыпталган кыргызстандык 57 жаштагы адам 18 жылга камалды деп россиялык ЖМКлар маалымдады.
Маалыматка караганда, айыпталуучу Мичуринск районунун Устье айылындагы аял менен анын өгөй баласын өлтүргөн.
«2016-жылдын 1-декабрында алар кыргызстандык адамды конокко чакырышкан. Капыстан чыккан чатак учурунда конок үй ээсин бычак менен 7 жолу сайган. Андан кийин ал үйдүн кожойкесин өлтүргөн. Ал аны полго жыгып, мойнуна, төшүнө 44 жолу бычак сайган», - деп айтылат маалыматта.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.