Курс НБ на 11.07.2020 $77,8000 €87,8362

Таласта эки аялын тең уруп өлтүргөн чабан кармалды

Кылмыш
25 - Август 2017
www.erkintoo.kg
634

Таластын Талды-Булак айылында жубайын сабап өлтүрдү деп шектелген чабандын иши тергелип жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 22-август күнү болжол менен саат 23.00дөрдө жайлоодо болгон. Мас болуп үйүнө келген чабан 33 жаштагы аялын эч себепсиз ур-токмокко алып, жабырлануучу алган жаракаттарынан көз жумган.

Укук коргоо кызматкерлеринин аракети менен шектүү катары 38 жаштагы малчы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Шектүү буга чейин да бир нече ирет соттолгон. Бул экинчи үй-бүлөсү экени аныкталды. Биринчи аялын да уруп өлтүргөнү үчүн эркинен ажыратылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.