Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Сокулукта айдоочу бир бала, үч аялдын өмүрүн кыйды

Кылмыш
22 - Август 2017
www.erkintoo.kg
436

Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы 12:15тер чамасында болгон. Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында айдоочу үч аялды жана велосипед тээп бараткан баланы коюп кетип, алар каза болгонун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 22-августта саат 12:15тер чамасында болгон. Күбө айдоочу мас экенин кошумчалады.

"Мас айдоочу жолдун четинде турган аялды жана анын велосипед менен турган 10 жаштагы небересин коюп кеткен. Алардын жанында эки кемпир да бар болчу. Баары тең каза болду. Жергиликтүү тургундар айдоочуну милиция келгенге чейин кармап турушту", — деди күбө.

Аймактык милиция кырсык болгонун тастыктады.

"Учурда ал жерде ыкчам топ иштеп жатат. Кармалган жаран Жаңы-Жер айылынын 47 жаштагы тургуну экен. Мас абалында болгондуктан рулду башкара албай калганын айтууда. Каза болгондор баазрдан кайтып, жол четинде маршрутка күтүп турган", — деп милициядан маалымдашты.

Жабырлануучулардын баары кырсык болгон жерде каза болгон.



 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.