Курс НБ на 21.02.2020 $69,8500 €75,4170

Соңку жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштардын саны көбөйүп жатат

Кылмыш
12 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
313
2010-жылы кылмыш кылган кыз-келиндердин саны 1,5 миңдин айланасында болсо, 2017- жылы 3 миңге чамалап барган. Жалпысынан кылмыш кылган аялдардын 15 пайызы соттолсо, анын беш пайызына мунапыс берилет.
 Уурулук. Былтыр аялдар тарабынан жасалган 541 уурулук катталган. Бул жалпы уурулук кылмышынын 15 пайызын түзөт.
2. Бейбаштык. Жаңжал чыгарып, мал-мүлккө зыян келтирген 295 аял сот жообуна тартылган. Ал эми эркектер арасында бул көрсөткүч алты эсе көп.
3. Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу. Ар бир төртүнчү ишке аялдар аралашкан. Башкача айтканда, жалпы 64 учур каттоого алынган.
4. Баңгизатын сатуу. 42 аял баңгизат сатып мыйзам бузган. Ал эми бул жаатта эркектердин жасаган кылмыштары 27 эсе көп.
5. Тоноо. Бул берене боюнча жоопко тартылган ар бир жыйырманчы киши аял болгон. Жалпы жонунан 824 учур катталса, анын 41ин аялдар жасаган.
6. Адам өлтүрүү. 2017-жылы аялдардын колунан 25 киши өлгөн. Бул былтыр катталган учурлардын 9 пайызын түзөт.
7. Денеге оор залал келтирүү. Былтыр аялдар тарабынан жасалган 13 учур катталып, кылмыштын 6 пайызын түздү.
Маалыматтар Статистика комитетинен алынды.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.