Курс НБ на 04.06.2020 $73,9200 €82,8348

Сойкулукка мажбурлаган аял кармалды

Кылмыш
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
469
33 жаштагы аял 19 жаштагы кызды жумушка чакырып, сойкулукка мажбурлаганы аныкталды. Бул факты жабырлануучу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыздангандан кийин ачыкка чыкты.  “12-март күнү Ноокат районунун 19 жаштагы тургуну бизге кайрылды. Аны Оштон өзүн Мээрим деп тааныштырган аял жумушка деп чакырып, сойкулукка мажбурлаганын айтууда. Учурда жабырлануучунун арызы боюнча ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алгачкы ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлө баштады”,-деп белгиледи облустук башкармалыктын адиси Мыктыбек Турдубеков. Учурда аталган сауна жабылды. Арызданган жаран боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.