Курс НБ на 22.08.2019 $69,8160 €77,4818

​Шаикованын өз ыктыяры менен суракка келүү мөөнөтү бүттү

Кылмыш
05 - Август 2019
www.erkintoo.kg
22
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбей баш тарта турган болсо,  издөө жарыяланарын билдирген. Бул туурасында УКМК 2-августта жарыялаган. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Шаиковага адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакырылганын билдирген. Эске салсак, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы учурда Мамкаттоонун, “Инфоком” ишканасынын, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жаңы үлгүдөгү паспорт даярдоодогу коррупция боюнча тергөө жүргүзүп жатат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу