Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Самарканд шаарынан Меккеге нандын арасына апийим катып бара жаткан киши кармалды

Кылмыш
21 - Август 2017
www.erkintoo.kg
686
Өзбекстандан Меккеге апийим менен чет өлкөлөрдүн валюталарын алып кетүүгө аракет кылган зыяратчы кармалды. Ажылык зыяратка жөнөп жаткан Самарканд шаарынын тургуну А.Шамши аларды Сауд Арабиянын аймагына алып өтүүгө аракет кылган, деп маалымдайт Өзбекстан 24 телеканалы.
Самарканд аэропортундагы бажы комитетинин кызматкерлери анын баштыгындагы нандын арасынан таап чыккан апийимдин жалпы салмагы 72 гр жеткен. Ошондой эле, андан 5 миң 722 доллар жана башка чет өлкөлөрдүн валюталары алынган.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.