Курс НБ на 17.01.2020 $69,8300 €77,7592

​Саймаитиге жасалма паспорт Сузакта берилгендиги ачыкталды

Кылмыш
14 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
76
Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү фактысына карата соттук өндүрүш быйыл июль айында башталган. Анда Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган. Бул туурасында  Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык,  Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган. ИИМдин маалыматына ылайык, 2017-жылы министрликтин Тергөө бөлүмү Саймаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган. Ага кыргызстандык  ишкерлердин биринин арызы себеп болгон. 
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу